Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТКӨРҮМ БАРАКЧАСЫ – 1) жүктү чет өлкө темиржолуна өткөрүү үчүн чегара бекетинде түзүлө турган документ. Ал өткөрүп берилүүчү вагондогу жүк тууралуу маалыматтарды камтыйт; 2) өткөрүп берилүүчү, анын ичинде ишкананын бир бөлүмүнөн экинчи бөлүмүнө (баары же жүк орун бирдигинде) өтүүчү мүлк менен баалуулуктардын курамы тууралуу маалыматтарды толук камтыган документ. Ал башка товар өткөрүп берүүчү документтерге коштолушу да мүмкүн.